Ош облусунун Алай районунда жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер мамлекетке кайтарылып, эки жетим балага бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылы Гүлчө айыл өкмөтү тарабынан 8,36 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен. Текшерүүнүн жүрүшүндө райондук прокуратура тарабынан аталган жер тилкесине берилген тийиштүү документ жараксыз деп табылып, муниципалдык менчикке кайтарылган.
Андан кийин прокуратура аталган жер тилкесин экиге бөлүп, ошол эле айылдын ата-энеси жок эки балага турак-жай куруу максатында бөлүп берген. Натыйжада 16 жаштагы М.Р. аттуу жаран 416 чарчы метр жерге, 17 жаштагы А.Г. аттуу жаран 420 чарчы метр жер тилкелерине ээ болушту.