Бүгүн, 18-декабрда Бишкектин айрым аймактарында жылуулук жана ысык суу өчөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу 09:00дөн 20:00гө чейин Чыгыш-5 кичи районунда жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу өчүрүлөт.
Өчүрүү төмөнкү үйлөрдө жүргүзүлөт: 6, 7, 10, 11, 12, 18, 19 жана Чыгыш-5 кичи райондорунда. Ошондой эле Чүй проспектисиндеги 30, 32, 34 турак үйлөрдө. Мындан тышкары Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги мектепте, №59 бала бакчада жылуулук, ысык суу өчөт.