Бүгүн, 18-декабрга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады.
Маалымдалгандай, министрлик тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
"Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырды.