
Жалал-Абад шаарында жайгашкан №3 Ж.Бакиев атындагы орто мектебинин жооптуу кызматкерлери тарабынан мектепте окубаган окуучуларды класстан класска көчүрүү фактылары боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Прокуратуранын маалыматына ылайык, Жалал-Абад шаарында жайгашкан №3 Ж.Бакиев атындагы орто мектебинин жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, мектепте окубаган балдардын өздүк иштерине жана класстык журналдарга чыныгы мазмунун бурмалаган жалган жазууларды киргизүү менен класстан класска көчүрүшкөнү аныкталган.
"Алсак, 2013-жылы туулган С.С. аттуу бала 2019-2023-жылдары Орусиянын аймагында жүргөндүгүнө карабастан расмий иш-кагаздарга аны 1-класстан 5-класска чейин аталган мектепте окугандыгын далилдеген жалган маалыматтарды киргизишкен.
Ушундай эле жагдай чет өлкөдө жүргөн 2008-жылы туулган Р.Ю., 2014-жылы туулган А.И. аттуу балдар боюнча да орун алган", - деп билдиришти прокуратурадан.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.