Бишкекте тонолгон 31 миллион: Милиция шектүүлөрдүн өздүгү аныкталганын айтты 

Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндө болгон каракчылык фактысы боюнча кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

"Милиция кызматкерлери тарабынан комплекстүү ыкчам тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө каракчылыкка тиешеси бар төрт адам тең өздүктөрү аныкталды. Маалыматтары тергөөнүн амалдарынын кызыкчылыгына байланыштуу сыр болуп, ачыкка чыгарылбайт. Учурда кылмышкерлерди кармоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп билдиришти шаардык милициядан.

Чокморов көчөсүндө бычак менен куралданган беткапчан адамдар менен белгисиз жарандарды карактап, акчасын тартып кетишкени кабарланган. Алар 31 миллион рубль салынган рюкзакты алып, Форд Фокус унаасы менен из жашырышкан. Кийинчерээк Форд унаасы токтоп турган жеринен табылып, кылмышкерлер Лада унаасы менен андан ары качышканы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан