"2849-орундагы биринчи болуп калган". Депутат Айдарбеков МИКтеги кезекти жылыштыруулар болгонун айтты

Бүгүн, 18-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) куруп жаткан батирлерге кезекке турууда нааразычылыктар бар экенин билдирди.

Ал МИК биринчи батирлердин ачкычын тапшыргандан кийин ага кезекте турган 33 мамлекеттик кызматкер кайрылганын айтты. Эл өкүлүнүн айтымында, буга чейин 4 категория боюнча МИКтин санариптик кезектеги тизмесинде тургандар жылып калган.

"Жакында эле МИК өзү каалагандай 550 адамды аныктап, приоритеттүү тизме түздү. Алар өз убагында башка орундарда турушкан. Мисалы, азыр биринчи орунга чыккан аял буга чейин 2848-орунда болгон. Мына ушундай далилдерди алып келип жатышат. Эгер бул маселени азыр карабасаңар, эртеңки күнү укук коргоо органдары ушул маселе менен алек болот", - деди ал.

Буга бугүнкү жыйында Министрлер кабинетинин төрагалыгына талапкерлиги жактырылган Адылбек Касымалиев эгер коррупция орун алса, күнөөлүүлөр жазаланат деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан