Кыргызстанда чыгарылган SHACMAN унаасы сыноодон өттү (видео)

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу быйыл Бишкекте ачылган "Шумкар" заводу жүк ташуучу унааларды чыгара баштаганын билдирди.

"Дагы бир жакшы кабар менен бөлүшө кетейин. ТНК "Шумкар" ААКысы SHACMAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааларды чыгарып баштады. Сыноолор ийгиликтүү өтүүдө", - деп жазды ал.

Белгилей кетсек, оор жүк ташуучу унааларды чогултуп чыгарган завод август айында ачылган. Ишканага унаа тетиктери Кытайдан алып келинет. Өнөр жайдын 100 пайыз үлүшү мамлекетке таандык.

18.12.24
17.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан