Шылуундарга алданып калдык деген жарандар акыйкаттык издеп президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты. Алар буга чейинки сот процесстери улам жылдырылып жакшы каралбай келгенин, иш Бишкектин Октябрь райондук сотуна өткөндөн кийин гана карала баштаганын жана айыпталуучулар жазадан оңой кутулуп кетет деп кооптонуп жатышканын айтышты.
Сотко келген жабырлануучулардын айтымында, жалпысынан 50 чакты киши Жыпара Жалилова жана Нурила Ильязова аттуу жарандарга мүлктөрүн алдатып ийген. Алар мындан улам милицияга арыз жазышкан. Алгач иш Свердлов райондук сотуна түшүп, ал жактан каралбай улам жылдырылып жатканынан жабырлануучулар сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ишти Октябрь райондук сотуна котортуп алышканын билдирди.
Жабырлануучулардын бири алар 2023-жылдын май-июнь айларында ишеничине кирип 34 миң долларга бааланган товар алып, акчасын бербей из жашырып кеткенин айтты.
"Быйыл январь айында арыз жазгам. Ошондон бери майнап чыкпай, бүгүнкү күнгө чейин создугуп келатат. Ноябрь айында үй камагына чыгарса, дагы 10 чакты адамды алдаганга жетишиптир", - деди ал.
Дагы бир жабырлануучу унаасын алып, 13 миң 500 долларын бербей кеткенин билдирди.
"Мага 5 миң доллар берип, калган акчаны бир айдын ичинде бөлүп төлөйүн деп унаамды алган. Машинемди үч күндөн кийин эле башка бирөөгө сатып жибериптир. Ошол бойдон изин суутуп кеткен. Булардан 50дөн ашык адам алданыптыр. Азыркы тапта 13 кишинин арызы сотто каралып жатат. Сот эки жарым айдан бери улам жылдырылып жатат", - деди ал.
Аталган эки жаран Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча шектелип, бүгүнкү күндө тергөө абагында отурат. Кечээ, 17-декабрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда жараян болуп, үч жабырлануучу көрсөтмө берди. Отурумда судья Феликс Осмонов төрагалык кылды. Айыпталуучулардын экөө тең судьянын, "Коюлган айыптар боюнча эмне дейсиз?" деген суроосуна, моюнуна аларын айтышты.
Ал эми айыпталуучулар өздөрү жана алардын адвокаттары бизге комментарий берүүдөн баш тартышты. Кийинки соттук отурум 23-декабрга саат 11:30га белгиленди.