Ысык-Көлдөгү Бостери айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Ысык-Көл районундагы Бостери айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, "Арсенал строй" ЖЧКсынын эсебине 1 миллион 475 миң сом акча каражаттарын мыйзамсыз которушканы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголду.

"Бул аракеттер Бостери айыл өкмөтү менен "Арсенал строй" ЖЧКсы арасында 2020-жылы түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашырылган. Келишимдин 1.1-пунктуна ылайык, кардар (айыл өкмөтү) төлөмдөрдү болгону ишке ашырылган иштердин көлөмү боюнча гана жүргүзүүгө милдеттүү. Бирок аткарылбаган иштерге карабастан, акча каражаттары подрядчы уюмдун эсебине которулуп, мамлекетке чоң материалдык чыгымдар келтирилген", - деп айтылат маалыматта.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, Бостери айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы милдетин аткаруучусу Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан