
Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 18-декабрда саат 20:46да катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кең-Суу, Эчкили-Таш айылдарында 3,5 баллга жеткен. Термелүү Эчкили-Таш айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышына, Кең-Суу айылынан 17 чакырым түштүк-чыгышына, Каракол шаарынан 90 чакырым түштүк-чыгышына чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.