Чолпон-Ата шаарында мас болуп үй-бүлө мүчөлөрүнө зомбулук жасаган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 17-декабрда милицияга Чолпон-Ата шаарынын 73 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү болжол менен саат 14:30 чамасында 46 жаштагы уулу үйүнө мас абалда келип, үй-бүлө мүчөлөрүн коркутуп, адепке жатпаган сөздөр менен сөгүп, дене жаракаттарын келтиргенин айткан. Арыз ээси Ысык-Көл райондук жалпы дарыгердик практика борборуна да кайрылган. Дарыгерлер ага "сол жамбаш сөөгүнүн жабык сынышы" деген алдын ала диагноз коюшкан.
Териштирүүнүн жүрүшүндө 46 жаштагы жаран үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 2022-жылы 2 жолу жоопкерчиликке тартылгандыгы аныкталган. Ал жылы шектүүгө Укук бузуулар жөнүндө кодекси менен тиешелүү чаралар көрүлгөн.
Ал эми 17-декабрдагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинин (Үй-бүлөлүк зомбулук ) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.