Өлкөдө "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик тобунун жетекчилери кармалды (видео)

УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте Жалал-Абад облусунун аймагында туруктуу түзүмү бар "Хизб ут-Тахрир" (Кыргызстанда тыюу салынган) диний-экстремисттик уюмунун ячейкасын нейтралдаштырды.
Маалымат борбору билдиргендей, аталган иш-чаралардын алкагында уюмдун 22 активдүү мүчөсү кармалды. Алар Жалал-Абад шаары боюнча масула - жетекчиси, 5 накиб - руханий устаттары, 8 мушриф - окутуучулардан куралган. Өз кезегинде акыркылары 3-5 окуучудан туруп, алар экстремисттик идеологияга жашыруун шарттарда окутулган.
Белгиленгендей, бул топ Жалал-Абад шаарынын тургундарына идеологияны пропагандалоо, жаңы адептерди жалдоо, интернет сегментинде фейк аккаунттарды түзүү, ошондой эле экстремисттик материалдарды көбөйтүү жана жайылтуу үчүн жашыруун басмакананы пайдалануу менен алектенишкен. Мындан тышкары мыйзамга каршы диний уюмдар арасында баракчаларды таратышкан.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында көп сандаган экстремисттик адабияттар, баракчалар жана башка материалдар даярдалган компьютердик жана көчүрмө техника алынган, ошондой эле жашыруун жолугушуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын контр байкоосун аныктоо үчүн дрон колдонулган.
Кармалган адамдар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Түзүмдүк ячейкаларды жана башка кылмыштуу байланыштарды орнотуу боюнча зарыл болгон ыкчам иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө.
19.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан