"Коркутуп, сандыкты чачкан". Баткенде улгайган аялдын үйүнө бет капчан кирген шектүү кармалды

Баткен районунда каракчылык кылганга шектелип 21 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Бел айылынын 77 жаштагы тургунунун (аял киши) үйүнө 18-ноябрда болжол менен түнкү саат 03:00 чамаларында бет капчан белгисиз жаран кирип келген. Ал үй ээсин коркутуп, акча талап кылып,сандыктарын чачтырган. Ал жерден эч нерсе таппаган соң кетип калган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Кызыл-Бел айылынын 21 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан