Кара-Кулжада Ылай-Талаа–Гүлчө унаа жолуна түшкөн жер көчкү тазаланууда

Бүгүн, 19-декабрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айыл аймагынын Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 5-чакырымында жер көчкүнү тазаланууда.

Тазалоо иштерине 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылды.

Белгилей кетсек, 7-декабрда Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун Көк-Жар тилкесине жалпы көлөмү 12 миң метр куб жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылып калган.

Көчкүдөн жабыркагандар жок жана жергиликтүү эл Шаркыратма айылы аркылуу айланма жол менен өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан