Буйрутма киши өлтүрүү фактысына алдын ала бөгөт коюлуп, кылмыш ишке ашкан жок. Оор кылмыштын уюштуруучулары жана шериктери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, абактардын биринде жазасын өтөп жаткан жаран өзүнүн мурдагы бизнес өнөктөшүн өлтүрүүнү көздөп, буйрутманы аткарууга киши издеп жаткандыгы аныкталган. Ал ортодо карыз акчадан болгон кастыктан улам бул ишке барууну көздөгөн. Адам өлтүрүүнү көздөгөн жаран өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча соттолгону жана ал мурун мамлекеттик кызматта иштегени маалым болгон. Ал эми анын мурдагы бизнес өнөктөшү отставкадагы полковник экендиги аныкталган.
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүүгө даярдануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүүнү кармоо үчүн милиция кызматкерлери атайын операция жүргүзүшкөн. Анда буйрутма берген жаран адам өлтүрүү кокустуктан болгон окуя болушу керек деген шарттарды коюп, фото жана видео отчёт жөнөтүүнү талап кылган. Ошондой эле кылмыш жасалгандан кийин гана 30 миң доллар өлчөмүндө накталай акчаны бирөөлөр алып барарын айткан.
Натыйжада жасалма адам өлтүрүү иши уюштурулуп, буйрутманын аткарылышын тастыктаган фото жана видеотасмалар жөнөтүлгөн. Буйрумта аткарылганына ишенген ал акчаны төлөп берүүгө макул болгон. Укук коргоо кызматкерлери 15-декабрда акчалай сыйлык алып келген 32 жаштагы жаранды кармашкан. Ал жаран кылмышка буйрук берген адамдын жакын тууганы экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүүдө.