Ак-Сууда 21 жаштагы жаран мечиттердин садака кутучаларынан акча уурдоого шектелип кармалды

Ак-Суу районунда мечиттердин садака кутучаларынан акча уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Ысык-Көл облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жолголот жана Теплоключенка айылдарындагы төрт мечиттин садака кутучаларын белгисиз адамдар талкалап, ичиндеги акчасын уурдап кеткен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында, кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган В.А. аттуу Каракол шаарынын тургуну кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Шектүү алдын ала суракта күнөөсүн толугу менен моюнуна алганы жана тергөө амалдары улантылып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан