"Ашар” кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жумагазы Садыр уулу 71 жашында каза болду. Мындай маалыматты маркумдун жакындары тастыкташты.
Жумагазы Садыр уулу оорудан улам бүгүн, 19-декабрда Бишкекте каза болгон.
Жумагазы Садыр уулу 1953-жылы Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылында туулган. Ал 1989-жылы түзүлгөн үй куруучулардын “Ашар” кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири.
Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.