Чүйдө кыз ала качууга аракет кылган шектүүлөр кармалды

Никелешүү үчүн кыз ала качкан деген шек менен 45 жана 28 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-декабрда Аламүдүн районунун милиция бөлүмүнө 20 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Ал 18-декабрь күнү саат 18:00 чамасында Васильевка айылынан 25-30 жаштардагы эки белгисиз адам күч колдонуп, унаага салып, Маевка айылына алып барышканын айткан. Ошондой эле арыз ээси шектүүлөр ал жерден молдо чакырышып, нике кыйдырууга аракет кылышканын жана макул болбой койгондо алар аны Беловодское айылына алып барып үйүндө кармап турушканын билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (Никеге туруу максатында ала качуу) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары Москва районунун 45 жана 28 жаштагы тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан