Баткенде 27 жаштагы жаран мал уурдаганга шектелип кармалды

Баткенде мурда сот жообуна тартылган жаран мал уурдаганга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын эки тургуну ноябрь айынын орто ченинде жана декабрь айларынын башында үйдөгү короодон жалпы 5 баш коюу жоголгонун билдирип милицияга арыз менен кайрылган. Бул арыздардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда сот жообуна тартылган Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын 27 жаштагы С.М. аттуу тургуну Кадамжай шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан