Ирак бийлиги ноябрдын аягында оппозициялык күчтөрдүн чабуулу маалында өлкөдөн качып кеткен 1,9 миңден ашуун сириялык жоокерди Дамаскка өткөрүп берди. Бул тууралуу Ирактын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен операциялык командачылыгы билдирди.
Ирактын аскер командирлеринин айтымында, бүгүн эртең менен 1905 сириялык офицер жана ага тиешелүү адамдар чек араны "Эль-Каим" чек ара бекетинен кесип өтүштү. 18-декабрда "Бу-Кемаль" өткөрмө бекетинде иштеген дагы 36 адам Сирияга кайтып барышкан.
Ирак тарап Сириянын жаңы бийликтерин ээн калган аскер кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоого, аларга мунапыс берүүгө жана үй-бүлөлөрү менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.
Маалымдалгандай, бүгүнкү күндө оппозициялык күчтөрдүн башкы командачылыгы менен Ирак бийликтеринин ортосундагы сүйлөшүүлөр уланууда.