Өз өлкөсүнөн качып келген өзбекстандык Оштон кармалды

Ош шаарынан өзбекстандык шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ал өз өлкөсүндө жасаган кылмышы үчүн издөөдө жүргөн. Коңшу өлкөнүн Анжиян облусунун 32 жаштагы тургуну жердешине анын атынан 19 миллион 78 миң сумдук электрондук буюмдарды насыяга алдырып, ал товарларды башка жактарга сатып, акчаны өз кызыкчылыгына иштетип койгон. Кийин жасаган кылмышынан качуу максатында январь айында өз мекенинен Кыргызстанга качып келип, ар кандай батирлерде, тааныштарынын үйүндө жашырынып жүргөн.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аны өз мекенине жөнөтүү боюнча тиешелүү кызматтар иш жүргүзүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан