Ак-Сууда жай айынан бери батирлер тонолуп келген. Милиция эки жигитти кармады

Ак-Суу районунда уурулук фактыларынын бети ачылып, кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жай айларынан бери Ак-Суу районунда бир катар батир уурулугу катталып, фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иштери козголгон. Иликтөө иштеринен соң 6-декабрда кылмышка шектүү катары Теплоключенка айылынын 26 жаштагы эки тургуну кармалган.

Тергөөдө алар күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алышкан. Натыйжада, жалпы 5 батир уурулугу боюнча фактылардын бети ачылды. Шектүүлөр Ак-Суу райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан