"Бүркүттөй балдарыбызды тоокканага камап жатабыз". Курултайда делегат жаштарды көтөрүү керектигин айтты (видео)

Бүгүн, 21-декабрда Бишкекте элдик Курултайдын экинчи күнү өттүдө.

Анда Курултайга Жети-Өгүз районунан делегат болуп келген Гүлайым Сейитказиева Курултайга көпчүлүк улуу муундагы адамдар келгенин айтып, "жаштарды камап жатабыз" деди.

"Ушул жерде эң сакалдуулардын баары отурасыңар. Баягы айтып коёт го, "Кыргыз бул бүркүт, асманга бийик эркин учушу керек" деп. Биз болсо ушул жерге отуруп алып бүркүттөй болгон балдардын баарын тоокканага камап жатабыз. Мен силерге айтып кетээрим, Курултайдын делегаттары мындан кийин өзүбүздүн ишти жасай албасак же Курултай таркашы керек, же майда-барат иштерди чече албаган Жогорку Кеңеш таркасын", - деди ал.

Анын бул сөзүнөн кийин залдагылар дүркүрөтө кол чабышып, арасынан айрымдары "Азамат" деп кыйкырышты.

Делегат: "Бүркүттөй балдарыбызды тоокканага камап жатабыз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан