Бишкек мэриясы кечээ күнкү тайгакта 4 автобус кырсыктаганын айтты

Кечээ, 20-декабрь күнү Бишкек шаарында болгон аба-ырайына байланыштуу автобустардын катышуусунда 5 жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

"20-декабрда Бишкек шаарында аба ырайына байланыштуу 5 жол кырсыгы катталып, анын ичинен 4 муниципалдык автобус жолдон чыгып кеткен, бир учурда жеңил унаа муниципалдык автобусту сүзгөн.
Жеңил унаанын айдоочусу күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенди", - деп билдиришти мэриядан.
Белгилей кетсек, 4 автобус эч кандай техникалык зыянга учураган эмес жана бүгүнкү күндө кадимки режимде шаардыктарды тейлеп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан