Криштиану Роналду расмий оюндардагы 400-голун киргизди

Португалия курама командасынын жана мадриддик “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду расмий оюндарда киргизген голдорунун санын 400гө жеткирди. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда европалык басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-январда Испаниянын чемпиондугунун 18-турунда орун алган “Реал”-“Сельта” оюну 3:0 эсебинде аяктап, анда Криштиану Роналду өз эсебине 2 гол жазды. Дагы бир гол Карим Бенземанын наамына жазылды.

Криштиану Роналду ушуну менен расмий оюндарда киргизген голдорунун санын 400гө жеткирди. Ал Португалия курама командасы үчүн 47 гол киргизсе, клубдук карьерасында 353 гол жараткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tnarbek
2014-01-07 14:44:02
7 январьда билдиришти декабрьда калып кеткенго
0
rasul89
2014-01-07 15:41:12
алтын топту ал эми ийгилик 2014
0
Almabek
2014-01-07 15:43:43
Орустар Кержаков 200 топ киргизди деп суйунуп атышат эле, Рональду алардын оозун Ошко каратат го эми.
0
nsk-mk
2014-01-07 16:22:34
400гол менен ушунчалык атак-данкка жеттиби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан