Эртең, 22-декабрда өлкөнүн кээ бир аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, ал эми түнкүсүн Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ошондой эле айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7,
Талас облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6,
Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10.
Бишкек шаарында түнкүсүн -13…-15, күндүз -3…-5 градус болот.