Сүлүктүдө 44 жаштагы жаран дайынсыз жоголду. Аны милиция менен куткаруучулар издөөгө чыкты

Сүлүктү шаарында үйүнөн чыгып кеткен 44 жаштагы жаранды издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин маалыматына ылайык, Сүлүктү шаарынын Кольцо айылынын тургуну, 1980-жылы туулган А.З. аттуу жаран 19-декабрь күнү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз жоголгон.

Мындан улам милиция кызматкерлери издөө ишине көмөктөшүү үчүн куткаруучуларга кайрылган.

Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 6 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 8 адам, жалпы 15 адам тартылган.

Министрлик кошумча маалымат берилерин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан