Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугу 21-декабрда эртең менен Татарстандын борборуна учкучсуз учуучу аппараттар тарабынан чабуул жасалышы боюнча комментарий берди.
"Кол салуу негизинен Казандагы жарандык инфраструктуралык объектилерге багытталган.
Расмий маалыматтар боюнча, 8 учкучсуз учак турак жайларга жана өнөр жай ишканасына кол салган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Башкы консулдук кырдаалга мониторинг кылууну жана Кыргызстандын жарандарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда", - деп билдиришти министрликтен.
Эскерте кетсек, 21-декабрь күнү таң атпай Казань шаарына сегиз украиналык учкучсуз учуучу учактар кол салган. Алардын ичинен алтоо турак жайларды барып сүзгөн. Дагы бир учкучсуз учак өнөр жай ишканасына багытталган, бирок ал максатына жеткен эмес.