Ысык-Көл районунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактар, ок-дарылар жана жапайы жаныбарлардын мүйүздөрү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Ысык-Көл ОИИБинен билдирди.
Маалымдалгандай, 18-ноябрда Ысык-Көл РИИБине район аймагында жарандар ок-дарылары менен курал-жарактарды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери башталган.
Ысык-Көл райондук сотунун токтомунун негизинде Григорьевка жана Кашат айылдарындагы беш турак жайда тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 1980-жылы туулган О.Т. аттуу Григорьевка айылынын тургунунун үйүнөн 5 даана мыйзамсыз сакталган сайсыз ок атуучу курал жана ок-дарылар табылган. Ошондой эле ушул эле айылдын 1977-жылы туулган тургуну Я.А.нын үйүнөн 1 мыйзамсыз сайсыз ок атуучу курал, ок-дарылар жана жапайы тоо жаныбарынын 10 даана мүйүзү табылган.
Мындан сырткары Чоң-Аксуу капчыгайындагы 1985-жылы туулган жаран К.Т.нын кашарынан 15 метрдей мыйзамсыз балык уулоочу тор табылган. Кожояр айылынын 1987-жылы туулган тургуну Б.Д.нын үйүндө мыйзамсыз сакталган 1 даана тоо жаныбарынын мүйүзү табылган.
"Тинтүү учурунда табылып алынган далил заттарга тиешелүү соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечимдер кабыл алынат. Учурда тергөө амалдары улантылууда", - деп айтылат билдирүүдө.