Өзгөн районунда баңгизатты мыйзамсыз сактап жана сатып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну кармалган. Шектүүнүн жанынан 200 грамм өзгөчө жыты бар зат алынган.
Дайындалган экспертиза тарабынан алынган зат гашиш баңгизаты экендиги аныкталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери уланууда.