Нарында баасы миллиард сомдон ашкан завод жана карьер мамлекетке алынды (фото)

Баасы 1 миллиард 79 миллион сомдук мурдагы "Нарын темир-бетон" заводу жана Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 6,6 гектар болгон кум карьери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"2002-жылы Нарын шаардык администрациясы жерге жайгаштыруу чөйрөсүндөгү өлкөнүн мыйзамдарын бузуу менен "Мунара курулуш" акционердик коомуна Нарын дарыясынын боюндагы "Запин" участогунда жайгашкан жалпы аянты 6,6 гектар жер участогун бекитип бергени аныкталган. Буга чейин аталган жер тилкеси "Нарын темир-бетон" заводуна таандык болгон. Кийинчерээк буйруктун негизинде Нарын шаарындагы Кадастр мамлекеттик ишканасынын жооптуу адамдары "Мунара курулуш" АКсынын ээсине 6,6 гектар жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт беришкен", - деп билдиришти УКМКдан.

Бул факт боюнча материалдар маалыматтардын электрондук журналына катталып, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча аталган участок Нарын шаардык мэриясынын балансына кайтарылды.

Жүргүзүлгөн баалоо экспертизасына ылайык, темир-бетон заводунун жана карьердин базар баасы 1 миллиард 79 миллион сомду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан