
Бүгүн, 23-декабрь саат 08:00гө карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана "Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
"Барскоон–Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда, Бишкек–Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Түп–Кеген жана Бишкек–Кара-Балта жолунда, Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын–Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар. Ошондой эле Ош-Сары-Таш–Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда жол ачык.
Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.