"Ал кишини кайнене дей албайм" дейт блогер Айтолкун (видео)

SUPER.KG порталынын маек төрүндө бул жолу блогер Айтолкун Өзгөнбаева конокто болду. Ал социалдык тармакта айылдын карапайым жашоосун көрсөтүп, 10 миңдеген катталуучуларды топтой алган.

Кышында суу ысытып, колго кир жууган Айтолкундун “100 миң катталуучу топтосоң кир жууган машина алып берем деди жолдошум” деген видеосу соцтармактарда 2 миллион көрүүчү топтоп, элдин сүймөнчүлүгүнө татыган.

"Блог алып барууну 5-6 жыл мурун эле баштагам. Бирок акыркы эки жылда активдүү боло баштадым. Алгач эмне тартарымды билбей, айылдагы иш кылып жүргөндөрүмдү, анча-мынча жасаган тамактарымды киргизип жүрүп эле көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө татып, катталуучу чогулта алдым", - дейт ал.

Айтымында, анын аудиториясынын көпчүлүк бөлүгүн декретте отурган айымдар жана жаш кыздар түзөт. Айтолкун блог алып барууда жоопкерчиликти сезерин, катталуучуларына жакшы тарабын көрсөтүп, жакшы сапаттарын үйрөтүүгө аракет кыларын айтат.

"Негизи айылда күнүмдүк кайталанма жашоо деп айтышы мүмкүн. Бирок күнүнө өзгөчөлүк кошуу ар бир адамдын өзүнөн. Мисалы, биздин күнүбүз коёндой окшош деп кайгырып отура берип, аракет кылбасак дайыма ошондой өтө берет. Өзүбүздүн үстүбүздөн иштеп, өзүбүзгө керектүү маалыматтарды чогултуп, өзүбүз кызыккан нерселерибизди кылсак ошондо айымдар өнүгүп, өсөбүз", - деп кошумчалады ал.

Видеону толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан