Сүлүктүдө жоголгон жаранды издөөгө 31 куткаруучу тартылды

Бүгүн, 23-декабрда Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын Кольцо айылынын жоголгон тургунун издөөгө чыккан куткаруучулардын саны көбөйдү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, Сүлүктү шаары боюнча өрт башкармалыгынан 4 куткаруучу, ИИМден 25 жана чек ара кызматынан 2 кызматкер, 2 дрон болуп, жалпы 31 адам тартылды. Кечээ, 22-декабрда куткаруу иштерине 26 жаран тартылган эле.
Айта кетсек, жогоруда аталган айылдын 1980-жылы туулан А.З. аттуу тургуну 19-декабрда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат.
ӨКМ кошумча маалымат бериле тургандыгын белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан