Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскуловго  III даражадагы “Манас” ордени ыйгарылды

Кыргыз Эл акыны, Улуттук жазуучулар союзунун президиумунун жана пленумунун мүчөсү Акбар Рыскуловго III даражадагы “Манас” ордени ыйгарылды. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Белгилей өтсөк, мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи бүгүн, 23-декабрда "Ынтымак ордодо" өтөт. Ага президент Садыр Жапаров катышат.

Акбар Рыскуловдун "Көгүчкөндөр бийик учушат" аттуу биринчи поэтикалык жыйнагы 1975-жылы чыккан. Акын И.Мазнин, Л.Левчев, Хо Ши Минд, И.Гёте жана башкалардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Акындын чыгармалары орус, казак, англис, француз, немис, хинди тилдерине которулган.

Рыскулов Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Казакстандын Маданият кызматкери жана Кыргыз Эл акыны наамдарынын ээси.

23.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан