Кара-Балтада дүкөнгө уурулукка кирген жигит видеого түшүп калган. Ал кармалды (видео)

Кара-Балта шаарында дүкөнгө уурулукка кирген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-декабрда Жайыл райондук милициясына 35 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 04:00 чамасында белгисиз адам дүкөндүн эшигин мыйзамсыз ачып кирип, 34 миң 669 сомун уурдап кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары буга чейин бир нече жолу соттолгон 22 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

23.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан