Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда депутат Элдар Сулайманов Ысык-Көлдөгү кемелерди текшерүүгө алуу керектигин айтты.
Жыйында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу («Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу ɵнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине)" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.
"Жакында эле жарандар кайрылышты. Пароход, теплоходдор көлдүн ортосуна барганда ажаткасынын суусун агызып салышат экен. Факты кылып видеолорун дагы жөнөтүштү. Аны колго алсак. Туура эмес да бул. Чакырышпайбы, тазалап кете турган кызматтарды", - деди ал.
Облус башчысынын орун басары Данияр Арпачиев видеолор эски болушу мүмкүндүгүн белгилеп, иш учурда колго алынганын билдирди. Ошондой эле ал мурда мындай учурлар каттылып келгенин тастыктады.
Аталган мыйзамдын демилгечилеринин бири, эл өкүлү Сулаймановдун айтымында, долбоор Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоциклин (гидроцикл) же суу үстүндө глиссирлөө жолу менен жүрүүгө ылайыкташкан электр кыймылдаткычы бар жогорку ылдамдыктагы персоналдык суу транспорт каражатын пайдаланууга тыюу салуу максатында иштелип чыккан.
Эске салсак, бул мыйзамды парламент 24-октябрдагы жыйынында биринчи окуудан талкуусуз кабыл алган.