Чүй облусундагы түзөтүү мекемесинин кызматкерлери кылмышка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, облустук милиция чогулткан далилдер абактын финансы-чарбалык бөлүмүнүн материалдык-техникалык камсыздоо кызматкерлерин кармоого негиз болгон. Тергөөдө алар узак убакыт ичинде түзөтүү мекемесинен азык-түлүк уурдап, кайра сатып жүрүшкөнү аныкталган.
"Кызматкерлер өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, түзөтүү мекемесинин кампасынан тамак-аш азыктарын алып чыгып, аны фигуранттардын биринин жеке үйүнө сактоого которушкан. Ал жерден тергөө органдары алып кетишкен. 38 мүшөк акшак, ун, перловка жана күрүч алынды", - деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) негизинде кылмыш иши козголуп, М.Т., О.У. жана Ж.М. аттуу кызматкерлер кармалган. Соттун чечими менен алар камакка алынды.