ИИМдин бир катар кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды (тизме)

Бүгүн, 23-декабрда Ички иштер министрлигинин бир катар кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана коомдук тартипти камсыздоого кошкон олуттуу салымы үчүн, ошондой эле кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына байланыштуу төмөндөгүлөргө сыйлыктар ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын "Эмгек сиңирген юристи" ардак наамы:

  • Жеңишбек Келдибаев – Ысык-Көл ОИИБинин кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору (Ардагерлер кеңешинин ишин координациялоо функцияларын жүктөө менен жалданма кызматкер), милициянын отставкадагы полковниги;

    “Даңк” медалы менен:
  • Канатбек Абдужапаров – ИИМдин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүнүн (Баткен шаары) 3-өзүнчө ротасынын (Кулунду айылы) командири, майор;
  • Алишер Барпиев – ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги;

Кыргыз Республикасынын "Ардак грамотасы" менен:

  • Максатбек Балашбаев – Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын медицина кызматынын башчысы, милициянын подполковниги;
  • Раатбек Токтоназаров – Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, милициянын майору;
  • Виктория Уметбаева – ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги;
  • Акжол Шамиев – Нарын ОИИБинин финансы чарбалык бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги;
  • Тилек Шаршеналиев – ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын лицензиялык-уруксат берүү бөлүмүнүн тескөөчүсү, милициянын подполковниги.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан