Мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Наам бүгүн президент Садыр Жапаров тарабынан Абдыкадыр Орозбековдун небересине тапшырылды.
Сыйлык тапшыруу аземинде өлкө башчы Абдыкадыр Орозбеков кыргыз калкынын сабатсыздыгын жоюу, эл агартуу тармагын жолго коюу маселелерин эң негизги максат катары караганын белгиледи.
“Абдыкадыр Орозбеков 1926-жылы Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болгон. Бала чагынан билимди көксөп өскөн Абдыкадыр Орозбеков ардактуу жана мансаптуу жаңы кызматка киришкенден тартып жалпы кыргыз калкынын сабатсыздыгын жоюу, эл агартуу тармагын жолго коюу маселелерин эң негизги максат катары караганы байкалып турат. Ал 1930-1931-жылдары кыргыз алфавитин негиздөө боюнча борбордук комиссияны жетектеп, жаңы алфавитти иштеп чыгуу, кабыл алуу, ишке киргизүү жаатында кыйла ийгиликке жетишкени тарых барактарында таасын жазылып турат”, - деди президент.