Бүгүн, 23-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган жарлыктарга кол койду. Анын ичинде бир катар Эмгек сиңирген дарыгерлер да бар.
Төмөнкү дарыгерлер Эмгек сиңирген наамын алышты:
Таалайбек Акматов – Саламаттык сактоо министрлигине караштуу М.М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун башкы дарыгери;
Гүлжан Арыкбаева – Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык клиникалык
жугуштуу оорулар ооруканасынын уюштуруу-усулдук бөлүмчөсүнүн башчысы;
Мухтар Ашералиев – Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо
улуттук борборунун аллергология жана клиникалык иммунология бөлүмүнүн башчысы;
Өмүрбек Бапаев– Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун отоларинголог дарыгери;
Марина Давлетбаева – Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык клиникалык
жугуштуу оорулар ооруканасынын №1 бөлүмчөсүнүн башчысы;
Таалайбек Жуманазаров – Ош атайын ооруканасынын эндоскопист-дарыгери;
Чолпон Дүйшекеева – Чүй облусунун Чүй районунун жалпы
дарыгердик практика борборунун гинекология бөлүмүнүн акушернеонатолог-дарыгери;
Талант Жапаров – Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын
баш-мээ менен айкалышкан жаракаттар бөлүмчөсүнүн башчысы, нейрохирург-дарыгери;
Абибилла Калбаев – И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ортопедиялык стоматология кафедрасынын башчысы;
Райкан Көкумова – Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жалпы дарыгердик практика
борборунун кардиолог-дарыгери;
Нуршаписа Оморова – Президенттин Иш башкармасына караштуу “Клиникалык оорукана”
мамлекеттик мекемесинин терапия бөлүмчөсүнүн терапевт-дарыгери;
Муратбек Осомбаев – Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун ичеги залалдуу шишик бөлүмчөсүнүн башчысы, онкохирург дарыгери;
Бактыгүл Стамкулова – Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын неврология
бөлүмчөсүнүн башчысы;
Эрмекбүбүгө Турганбаева – Нарын облусунун Кочкор районунун С. Булатов атындагы жалпы
дарыгердик практика борборунун акушер-гинеколог-дарыгери;
Курбанбек Ысмайылов – Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын № 1
хирургия бөлүмчөсүнүн башчысы;
Орозмамат Эргешов – Р.Г. Бауэр атындагы Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы
күрөшүү борборунун фтизиоуролог дарыгери;
Бактыгүл Эркебуланова – Саламаттык сактоо министрлигине караштуу М. Миррахимов атындагы
Улуттук кардиология жана терапия борборунун медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Ал эми Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер ардак наамы төмөнкүлөргө ыйгарылды:
Анара Абдыраимакунова – Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык № 1 медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын дарыгер эксперти;
Рыскан Кыштобаева – Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын хирургия бөлүмчөсүнүн
операциялык медайымы;
Мындан тышкары президенттин Ардак грамотасын төмөнкү медицина кызматкерлери алды:
Динаркан Мамитова – Р.Г. Бауэр атындагы Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы
күрөшүү борборунун директорунун медайым иши боюнча орун басары;
Анарбай Сопиев – Ош облусунун Алай районунун жалпы дарыгердик практика
борборунун кардиолог-дарыгери;