Бул жылы Эл артисти, маданияттын мыктылары кимдер болду? (тизме)

Бүгүн, 23-декабрда президент Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады. Бул туурасында мамлекеттик башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, алардын катарын маданият тармагынын өкүлдөрү да толуктады.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти ардак наамы киноактёр Акылбек Мураталиевге жана К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын оркестр факультетинин деканы Чоробек Шалтакбаевге берилди.

Даңк медалы менен “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин костюмери Марапат Куралова сыйланды

Ал эми Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына татыгандар:

Бишкек шаарынын мэриясынын үйлөмө аспаптар оркестринин башкы дирижёру – Азамат Кулубеков;

А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын артисти – Гүлжамал Мамытбекова;

Ырчы, дастанчы, “Ынтымактуу таланттар” коомдук бирикмесинин мүчөсү – Гулуйпа Чудунова;

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери ардак наамы:

Санжар Андагулов – президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын эксперти;

Таалайбек Кулмендеев – кинорежиссёр, Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы;

Дүйшөналы Мамбетөмүров – Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Маалымат” студиясынын баяндамачысы;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Разия Сырдыбаева – М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын директору;

Жолдош Исраилов – К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырдоо кафедрасынын башчысы;

Сайрабү Момунбаева – Мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын артисти жана музыканты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан