Бишкектеги МИК курган турак жайлардын бири
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун бүткүл республика боюнча турак үйлөрдү куруу боюнча ишине көмөк көрсөткөн бир катар мамлекеттик кызматкерлерге жана ишкерлерге сыйлык тапшырды.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиргендей, ошондой эле “Каракол” эл аралык аэропортунун курулушуна салым кошкондорго да мамлекеттик сыйлык ыйгарылды.
III даражадагы Манас ордени менен:
- Каныбек Туманбаев – президенттин иш башкаруучусу;
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек
сиңирген кызматкер” деген ардак наамы менен:
- Айбек Сулайманов – президенттин иш башкармасынын ички аудит бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:
- Алишер Абдиласизов – “ДорСтрой групп” жоопкерчилиги чектелген коомунун коммерциялык директору, Бишкек шаары;
- Алмаз Акматов – президенттин иш башкармасына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасынын директору;
- Темиркул Балтабаев – “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы;
- Эрнисбек Зарнаев – президенттин иш башкармасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
- Жанчаров Чыңгызбек – президенттин иш башкармасынын экономика жана пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы;
- Темирлан Жуманазаров – “СапатЖолСтрой” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
- Жаныбек Нарбек уулу – президенттин иш башкармасына караштуу “Президенттин администрациясынын
жана Жогорку Кеңештин ишин камсыз кылуу боюнча департамент” мамлекеттик мекемесинин директору;
- Аман Сыдыков – Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Көпүрө куруу отряды” мамлекеттик ишканасынын башкы инженери.