Эми “Менин шаарым" тиркемеси аркылуу түз мэрге кайрылууга болот

"Менин шаарым" тиркемесине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, эми тиркемеде "мэрге кайрылуу" бөлүмү пайда болду, ал өзгөчө көзөмөлгө алынат.

Ага ылайык, тиркеменин колдонуучулары кайрылуу жөнөтүп, ыкчам тартипте шаардык кызматтардан фото же видеофиксация менен аткарылышы тууралуу отчёт алышат.

Буга чейин мэр Айбек Жунушалиев пландык жыйында "Менин шаарым" тиркемесиндеги кайрылууларына өз убагында жана сапаттуу жооп берүүнү тапшырган.

Белгилей кетсек, "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде онлайн режиминде турак жай-коммуналдык чарба, транспорт блогу, аялдама комплекстери, эвакуацияланган автотранспорт каражатынын ордун аныктоо, салык төлөө, шаарды көрктөндүрүү чөйрөсүндөгү бардык маселелер боюнча шаардыктардын кайрылууларын калтырууга мүмкүндүк берген функционал бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан