Баткен облусунун Сүлүктү шаарында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп аткан тургунду издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең, 24-декабрда издөө иштери улантылат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалымдалгандай, бүгүн издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин Сүлүктү шаардык ӨК бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде 4 куткаруучу тартылган.
Белгилей кетсек, 19-декабрда Сүлүктү шаарынан 1980-жылы туулган А.З. аттуу эркек киши үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болууда.
Ага байланыштуу бүгүн издөө иштерине жалпы 48 адам тартылган.
Кошумча маалымат берилет.