Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө таза суу 15 саатка өчүрүлөт

Эртең, 24-декабрда саат 9:00дөн 23:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, таза суу Панфилов көчөсү, Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү — темир жол линиясында болбойт.

Белгилей кетсек, суу Тоголок Молдо суу алгычындагы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алуусун суранат", - деп эскертишти мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан