Манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата басылган үч томдук китептин бет ачары Түркиянын Анкара шаарында өттү. Бул тууралуу "Манас" улуттук академиясынын директору Азиз Биймырза уулу билдирди.
Айтымында, аталган иш-чараны "Манас" улуттук академиясы жана Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму уюштурган.
Саамалыкка ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчы Султан Раев, түрк жазуучусу, манас таануучу Хайритдин Ивгин, Евразия жазуучулар уюмунун төрагасы Уфук Тузман, Кыргызстандын Түркиядагы элчисинин кеңешчиси Айбек Акаев, Хажы Байрам Вели университетинин профессору, түрколог Режеп Йүрүмез, Анкара университетинин профессору Айгын Аттар, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев, Кыргыз эл жазуучусу Кайрат Иманалиев жана башкалар катышты.
Белгилей кетсек, иш-чара ТҮРКСОЙ уюмунун башкы кеңсесинде орун алды.