
Бүгүн, 24-декабрда Бишкектин бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, саат 9:00дөн 23:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.
Белгиленгендей, Панфилов көчөсү, Манас поспектиси, Фрунзе көчөсү — темир жол линиясы жайгашкан аймактарда өчөт.
Анын себеби Тоголок Молдо суу алгычындагы оңдоо иштерине байланыштуу экендиги маалыматта кошумчаланган.