Кара-Сууда 18 жаштагы жигит Lexus унаасын айдай качканга шектелип кармалды

Кара-Суу районунда унаа айдап качууга шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын 52 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, 19-майда саат 17:00 чамасында Кара-Суу районунун Коргон айылындагы талаадан кара түстөгү Lexus 300 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кеткендигин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүүнүн өздүгү аныкталып, ага карата издөө жарыяланган. Акыры шектүү делген 18 жаштагы жаран 23-декабрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда ыкчам-тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан