Нарындын Башкы суу чарба башкармалыгынын имаратында Фермерлерди тейлөө борбору ачылды. Бул туурасында кечээ, 23-декабрда Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, борбордун ишмердүүлүгү аймактагы фермерлерге сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле жергиликтүү фермерлерге бардык керектүү кызматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, буга чейин мындай тейлөө борборлору Бишкек, Каракол шаарларына, Сузак, Кара-Суу жана Айтматов райондорунда ачылып, иш алып барууда. Борборлор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык ишке ашкан.